Nokia X3 02 - Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат

background image

Батарея жана заряддагыч түзүлүш жөнүндө маалымат
Аспабыңыз, BL-4S кайра заряддалуучу батарея менен иштетилиши керек. Nokia бул аппаратка ылайыкталган

батарейканын дагы кошумча модельдерин чыгарышы мүмкүн. Дайыма, накта Nokia батарейкасын колдонуңуз.

Бул аппарат төмөнкү заряддоо түзүлүштөрдөн зарядын толуктандырып иштетүүгө бекитилген: AC-3, AC-8, AC-10,

AC-11, AC-15 . Туура Nokia заряддагыч моделинин номери, анын штепселинин түрүнө жараша өзгөрөт жана алар

кийинки тамгалар аркылуу аныкталат: E, X, AR, U, A, C, K, же B.

Батарея жүздөгөн жолу кайра заряддалышы мүмкүн, бирок акыры анын иштөө ресурсу түгөнөт. Эгер күтүү жана

сүйлөшүү режимдеринин убактысы демейдегиден байкаларлык кыскарган учурда батареяны алмаштырыңыз.