Nokia X3 02 - Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз

background image

Аппаратыңызды туура алып жүрүңүз
Аппаратыңызды, батареяны, заряддоо түзүлүшүн жана кошумча жабдууларды камкордук менен алып жүрүңүз.

Төмөнкү сунуштар сиздин, кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты кургак сактаңыз. Жаан чачындар, нымдуулук жана суюктуктардын бардык түрлөрү, электрондук

тетиктерге зыян келтирүүчү минералдарды камтыйт. Эгер аппаратыңыз ным болуп калса, батареяны чыгарып,

кургатып коюңуз.

Аппаратты суук жайларда сактабаңыз.

Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерди бузушу мүмкүн.

Аспапты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз.

Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип

туруңуз.

Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.

Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же

компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.

Узак колдонууда, аппарат жылуу сезилиши мүмкүн. Көп учурларда бул абал нормалдуу. Эгерде аппараттын туура

иштешине күмөн санасаңыз, анда аны, расмий уруксаты бар техникалык тейлоо кызматына алып барыңыз.